Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:24

Ирактыктар АКШ аскерлери Багдадды алганынын алты жылдыгын белгилөөдө


Антиамерикалык маанайдагы шийит динаятчысы Муктада ал-Садрдын оң миңдеген жактоочулары бүгүн өлкөдө америкалык аскерлердин туруусуна нааразылык билдирүү жана башкааланы АКШ аскерлери алганынын алты жылдыгын белгилөө үчүн Багдаддын башкы аянттарынын бирине чогулду. Багдаддын 2003-жылдын 9-апрелинде Саддам Хусеиндин эстелиги кулатылыган Фирдоуси аянтындагы митингде сөз сүйлөгөн демонстранттардын бири АКШ президенти Барак Обаманы Ирактан америкалык аскерлердин баарын алып кетип, “дүйнөгө берген убадасын орундоого” чакырды. Чогулгандар ошондой эле АКШнын мурдагы президенти Жорж Буштун сөлөкөтүн өрттөштү. Саддам Хусеиндин мыйзамсыз деп табылган “Баас” партиясынын азыркы лидери Иззат Ибрагим ал-Дари ирактык козголоңчуларды күрөшүн улантууга чакырды. Багдадда ушул дүйшөмбүдөн бери орун алган бир нече кол салуудан кеминде элүү адамдын өмүрү кыйылды.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG