Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:31

Жалал-Абатта журналисттер жаңы уюм түзүштү


Жалал-Абат аймактык журналисттердин борборун түзүү чечими бүгүн болуп өткөн журналисттердин жыйынында кабыл алынды. Ошондой эле борбордун уставы жактырылды. Координациялык кеңештин жана текшерүү комиссиясынын курамдары бекитилди. Алардын төрагалары менен борбордун аткаруучу деректири шайланды. Уюм мүчөлүк акынын жана долбоорлордун эсебинен иштей турган болду. Мүчөлүк акыны үч ай төлөбөгөн калемгер борбордон чыгарылат. Ушу тапта анын каттоодон өтүүгө каражаты, иштөөгө имараты жок. Оштогу маалымат каражаттарын колдоо борборунун Жалал-Абаттагы түйүнү эки жердеги ижара акысын төлөй албай, төрт айдан бери жабык турат. Жабдыктары эскирген. Журналисттер жаңы уюмга имарат жана электрондук жабдуулар керектигин, мүчөлүк акысын студенттерден албоону жана бардык калемгерлерге бирдей шарт түзүү жагын белгилешти.(YA)

XS
SM
MD
LG