Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:36

Президент Каржы министри Марат Султановду кабыл алды


Жолугушууда министр өлкө башчысына Орусия менен болгон сүйлөшүүлөрдүн натыйжалары, дүйнөлүк рыноктогу абал, мамлекетик бюджетке киргизилүүгө даярдалып жаткан өзгөртүүлөр жана толуктоолор тууралуу маалымат берди.

Айлык акыларды төлөп берүүгө байланышкан маселеге кайрылып, М.Султанов бул иш боюнча кызматтык иликтөө аягына чыккандыгын, буга күнөөлүү адамдар аныкталгандыгын, азыркы тапта алардын ишине юридикалык экспертиза жүргүзүлүп жаткандыгын кабарлады. Президент Курманбек Бакиев министр М.Султановго жыл ортосуна чейин педагогикалык жана медициналык стаж үчүн акы төлөөнүн аягына чыгууга аракет кылууну тапшырды. Өлкө башчысы ошондой эле жергиликтүү бюджеттердин мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү боюнча идеяны, анын ичинде – бул максатка шайкеш келбеген айрым мыйзамдык демилгелерди жокко чыгаруу сунушун колдоого алды. (EK)

XS
SM
MD
LG