Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:43

Молдованын Борбордук шайлоо комиссиясы парламенттик шайлоонун жыйынтыгын ырастады


Ага ылайык, Коммунисттик партияга парламенттеги орундардын алтымышы тиет. Бул коммунисттер үчүн өлкөнүн жаңы президентин шайлоодо кошумча бир гана добуш талап кылынат дегенди билдирет. Парламенттик шайлоонун жыйынтыктарынан улам башкаала Кишиневде ушул шейшемби күнү болгон тополоңдон 270тен ашуун киши жаракат алган. Добуш берүүнүн жыйынтыктары бурмаланды деп эсептеген демонстранттар парламент жана президенттик администрация жайгашкан имараттарга кирип барышкан эле. Президент Владимир Воронин өкмөттү кулатуу аракеттеринин артында турганы үчүн коңшу Румынияны айыптаган. Румыния болсо молдова бийликтеринин дооматтын четке какты. Бул аралыкта бүгүн "Чек арасыз кабарчылар", "Журналисттерди коргоо комитети" өңдүү уюмдар молдован бийликтерин өлкөгө румыниялык 18 журналистти киргизбей койгону үчүн сынга алышты.

XS
SM
MD
LG