Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:57

Грузин оппозициясы демонстрацияны утурлай ондогон жактоочулары камалганын билдирүүдө


Опппозиция демонстрациясы бүгүн башталды. Борбор шаар Тбилисиде, парламент имараты алдына, кабарларга караганда, он миңдеген адамдар жыйналды. Рейтер агенттиги чогулгандардын санын 40 миң, Франс Пресс агенттиги 50 миң деп баалады.

2003 –жылкы “Роза ыңкылабынын” убаадалары аткарылган жок деп эсептеген грузин оппозициясынын айтымында, алар нааразылык акциясын президент Михаил Саакашвили кызматтан чегинге чейин өткөрөт.

Оппозициянын акциясы советтик аскерлер Тбилисидеги демонстрацияны күч менен тараткан, 1989-жылкы окуянын 20 жылдыгына тушташ уюштурулду. Анда кеминде 16 адам каза тапкан.

Парламентин мурдагы спикери, Бириккен Грузия демократиялык кыймылынын лидери Нино Буржанадзе азыркы бийликтер 20 жыл мурдагы окуяны кайталабай турганына үмүттөнөрүн айтты. Буржанадзенинин кымылынын билдиргенине караганда, бүгүнкү демонстрацияны утурлай өткөн түнү алардын 60тай активисти камакка алынган.

Грузиянын ички иштер министри Вано Мерабишвили бүгүн полиция демонстрациялар өткөн жерлерде турарын, нааразылык акциялар тынч өткөн шартта анын жүрүшүнө кийлигишпей турганын билдирди.

Оппозиция лидерлеринин бири Ираклий Аласаниянын айтымында, оппозиция ыңкылап жасоого кызыкдар эмес, бирок дүйнөгө грузиялыктар азыркы өкмөткө ишенбей турганын көргөзүүнү каалайт.

XS
SM
MD
LG