Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:49

Парламенттик комиссия 13-марттагы окуяны иликтөө боюнча баш прокуратурадан маалымат сурады


Мындай кат комиссия мүчөсү, депутат Галина Куликованын сунушунун негизинде жиберилди. Куликованын билдиргенине караганда өрттөнгөн автоунааны жана анда мерт болгон үч адамды аныктоо боюнча жүргүзүлүп жаткан 18 экспертизалык иликтөөнүн ондон ашыгы боюнча тыянак чыкты. Калгандары эмне себептен узакка кармалып жаткандыгы белгисиз. 13-мартта “Жип” үлгүсүндөгү автоунаа өрттөнүп, анын ичинде президенттик администрациянын мурдагы башчысы Медет Садыркулов, Президенттин карамагындагы Эл аралык изилдөө институтунун мурдагы жетекчиси Сергей Слепченко жана айдоочу бар экендиги маалымдалган. Башкы прокуратура экспертиза толук жыйынтык бергенге чейин мындай маалыматты расмий тастыктай албастыгын билдирип жатат. Учурда бул ишти териштирүүнү Баш прокуратура жүргүзүп, парламенттик комиссия өз алдынча иш алып барууда. (BuS)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG