Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:22

“Ак шумкар” партиясы өз лидерин президенттикке көрсөтүүнү көздөөдө


Бул тууралу партиянын саясий кеңешинин кечээки отурумунда сөз болду. Саясий кеңеш ошондой эле президенттикке талапкерди “Ак шумкардын” кезексиз курултайында аныктоо чечимин чыгарды. Курултай качан өтөөрү тууралуу так маалымат таратылган жок.
Партия лидери Темир Сариевдин айтымында оппозициялык партиялардын талапкер көрсөтүү демилгелери БЭКтин бирдиктүү күч катары президенттик шайлоого барышына тоскоол болбойт. Оппозициялык саясий күчтөр шайлоо боюнча кеңешип бүтө элек жана мүчө партиялардын чечимдеринин негизинде жалпы чечим кабыл алуу аракеттери көрүлүүдө деп билдирди Сариев. (BuS)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG