Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:41

Түркмөнстандан Орусияга көгүлтүр отунду жеткирүү иши үзгүлтүккө учурады


Буга газ куурундагы жарылуу себеп болду. Түркмөн бийлигинин маалыматына ылайык жарылуу Түркмөнстан менен Өзбекстандын чек арасынын жанында болгон жана анын кесепеттерин жоюу үчүн бери дегенде үч күн кетет. Түркмөнстандын Тышкы иштер министрлиги жарылуу үчүн орусиялык “Газпром” компаниясы жооптуу болгонун билдирди. Министрликтин маалыматы боюнча 8-апрелде “Газпром” компаниясы Орусияга жеткирилчү газдын көлөмүн эскертүүсүз азайткан. “Орусиянын мындай ойлонулбаган жана жоопкерчиликсиз аракеттеринен улам газ куурларында жарылуу болду” деп айтылат министрликтин билдирүүсүндө. Түркмөнстан жыл сайын Орусияга 50 миллиард куб метр газ экспорттойт.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG