Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:59

АКШ Хост вилайетинде жайкын тургундар мерт болгонун тастыктады


АКШнын кол алдындагы эл аралык коалиция Ооганстандын Хост вилайетиндеги чабуул маалында жайкын тургундар арасында да курмандыктар болгонун тастыктады. Коалициянын маалыматына ылайык 8-апрелде аскердик чабуул маалында төрт согушкер өлтүрүлгөн, андан тышкары эки аял набыт болуп, дагы бирөө оор жаракат алган. Буга чейин ооган президенти Хамид Карзай жайкын тургундар жыш жайгашкан кыштактарга чабуул жасоону токтотууну бир нече жолу эл аралык коалициядан талап кылып келген.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG