Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:43

АКШнын Борбордук чалгындоо кызматы жашыруун түрмөлөрүн жабууда


Бул тууралуу аталган кызматтын жетекчиси Леон Панетта билдирди. АКШнын башка өлкөлөрдө жайгаштырылган түрмөлөрү террорчулукка тийешеси бар деп шектелгендерди кармоо үчүн колдонулуп келген. Январда АКШнын президенти Барак Обама бийликке келгенден көп өтпөй Борбордук чалгындоо кызматынын бардык жашыруун түрмөлөрүн жабууну убада кылган. Укук коргоочулар жана айрым басма сөз каражаттары мындай түрмөлөрдө сурак маалында кыйноо ыкмалары да колдонуларын ырастап келишкен.

XS
SM
MD
LG