Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:21

М.Ниязов: Биз кагазды эмес, адамды алдыга коюшубуз керек


Коопсуздук кеңештин мурунку катчысы Мирослав Ниязов “Азаттыктын” таңкы маегинде бийлик үчүн күрөш, кырдаал, кыргыз калкы кандай жолду тандап алышы керектиги жөнүндө кеп салып берди.

“Азаттык”:- Мирослав мырза, шайлоо алдындагы кырдаалды кандай баалайсыз?

М.Ниязов:-Шайлоо жакындаган сайын кырдаал өзгөрүп, курчуп кетет. Мындай жыйынтыктын себеби төмөнкүдө:
1) Азыркы президентти колдой турган электорат болгону 5-10% түзөт. Башкача айтканда эл аны колдобойт. Ошого карабастан бийлик шайлоо жыйынтыгын будамайлап, максатына жетебиз деп ойлоп жатышат. Туура, алардын башка жолу жок. Будамайлаганга мажбур болушат. Бирок муну эл деле жакшы түшүнөт.
2) Оппозиция эл менен кошо тоскоолдук кылып, будамайлоонун жолун бууп салса, анда бийлик күч колдонот. Ошентип бийликти басып алабыз деген ойдо.
3) Мындай шартта башка талапкерлер максатына эч качан жете албайт. Ошондуктан эң негизги проблема бүгүн эл ишене турган шайлоо өтөбү, же өтпөйбү деген маселеде турат. Бүгүнкү шартта андай ишенич жок болуп жатат. Менин оюмча, мындай саясий оюндар жакшылыкка алып келбейт.Бүгүн бийлик дагы, оппозиция дагы, карапайым эл дагы бир нерсени терең түшүнүш керек. Биз баарыбыз Кыргызстандын биримдигин, коопсуздугун сакташка, келечегин ачышка жооптуубуз. Азыр муну түшүнбөсөк кеч болуп калышы мүмкүн. Жерибизден дагы, элибизден дагы ажырап калышыбыз мүмкүн.

“Азаттык:- Оппозиция азыркы мезгилде бирдиктүү талапкер, же бир нече талапкерди бирдиктүү фронт менен чыгаруунун кайсы бирине артыкчылык берүүнү чече албай турат. Сиз көз карашыңыз боюнча, оппозиция үчүн кайсы жол жемиштүү болот?

М.Ниязов:- Оппозиция кимди чыгарбасын, кайсы бир мыкты жигитти, Кыргызстанды оңдой турган адамды чыгарган күндө дагы жол буулган.Ошондуктан эң биринчи максатыбыз жолду ачып алуу болуш керек. Будамайлоого жол бербей турган шартты түзүп, ошондой жолду ачып албасак, биз малдай болуп айдалып жүрүп, бүгүнкүдөй абалда кала беребиз. Бүгүн абалыбыз эң оор. Бизде баары төмөндөп-төмөндөп кетип баратат.

“Азаттык”:- Ошол жолду ачыш үчүн 27-марттагы митингиде сиз БШКнын мүчөлөрүнүн жарымын оппозициядан түзүүнү, коалициялык өкмөт куроону сунуштадыңыз эле. Алгачкы белгилерге караганда анын кабыл алыныш оңой эместей...

М.Ниязов:- Мен ачык айтып коеюн, ага бийлик барбайт. Анткени бийлик буга барса, анда бийлигин жоготуп алат. Эл аны шайлабайт.Ошондуктан элибиз кайдыгер болбошу керек. Келечегибизди ачалы десек жаңы күчтөрдү шайлоо, тандоо жолу менен чыгарышыбыз керек. Ошол күчтөр Кыргызстандын келечегин, экономикасын көтөрө ала турган, ошого көзү жеткен адамдарды чыгарышыбыз керек. Андай болбосо биздин абалыбыз жылдан-жылга начарлап, аягы өтө оор проблема менен бүтөт.

“Азаттык”:- Презизиденттин өлкөнү жаңылантуу багыты азыркы реалдуулук менен канчалык туура келет? Келечекте ал багытты азыркы бийлик турмушка ашыра алабы? Жылыштар болушу мүмкүнбү?

М.Ниязов:- Эч качан болбойт. Мен бул боюнча “Вечерний Бишкектеги” тегерек столго катышканда айтканмын, бизди бүгүн кагазга жазылган кайсы бир программа оор абалдан чыгара албайт. Биз кагазга ишенбешибиз керек. Бүгүнкү күнгө чейин Акаев да конституцияларды, бийлик системасын алмаштырып, биздин башыбызды айландырып келди. Биз кагазга ишенбешибиз керек. Биз ишене турган адам болуш керек. Эң алдыда адам туруш керек. Адамды алдыга тургузбасак бир дагы кагаз алдыга чыгара албайт.


  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG