Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:16

"Ачык саясат": Ислам Каримов Кыргызстанга президент болсо...


Гезиттердин дээрлик бааары эле алдыдагы шайлоо, парламент, оппозиция, К. Бакиев жөнүндө жазып жатышат.

“Ачык саясат” гезити Ош шаарынан Тайчабар Улукбековдун “Ислам Каримов Кыргызстанга президент болсо...” дегендер бар” деген макаласын жарыя кылды. Макалада: “Мындан төрт жыл мурун “Курманбек Бакиев “өзүбүздүн кулун”, “Түштүккө бийлик тийип калса, аны түндүктөгүлөр талашып жөндүү иштетпей жатат” деген пикир басымдуулук кылчу. Азыр эми Оштогу абал такыр башка. Жогорудагыдай тукурма түшүнүктөр дээрлик жокко чыккан. Президент Бакиевдин мурдагы “аталыгы” Үсөн Сыдыков өткөндө Ошко келип, “Жаңы Кыргызстан” партиясынын үркөрдөй тобун топтоп, жыйын өткөрүп, өзүнүн “түштүкчүлдүгүн” баса белгилеп: “7 министр Түштүктөн, Бакиев түштүк кадрларын көтөрүп жатат. Буюрса бир-экөөңөрдү аким кылам. Ошон үчүн биздин партия Бакиевди колдош керек. Эми үкалари кичине чыгып, ашынып кетип атат, бирок беш кол тең эмес, ким президент болсо деле ошол көрүнүш болот” деп айтты. Муну уккандар Үсөн Сыдыков президенттин иниси Жаныш Бакиевди кыйытты көрүнөт, ага ич күйдүсү бар го деген ойдо калышты” деп баяндап, эркин массалык маалымат каражаттарындагы маалыматты элге жеткиргиси келбеген бийликтин аракети түштүк аймагына тескери таасирин тийгизип жатканын белгилеген. Алтургай өзүн Карасуу шаарынын тургуну, фермер Мукумжан Бекиев деп тааныштырган адам:”Ислам Каримов президент болсо гана Кыргызстанды оңдойт. Башкасы оңдой албайт. Буюрса И. Каримов бизге падыша болуп калышы мүмкүн” деп айтканын мисалга тартып, Ошто азыр акыбал башка экенине окурмандардын көңүлүн бурган.

Гезит ошону менен катар эле гезиттин башкы редакторунун орунбасары Рыскелди Момбековдун өзүнө жана гезит кабарчысы Айбек Шамшикеевге Бишкек шаарынын 1-Май райпрокуратурасы тарабынан эскертүү берилгенине байланыштуу өлкөнүн Баш прокурору Э. Сатыбалдиев менен Акыйкатчы Турсунбек Акунга жазган ачык катын, “Уулумдун өлүмүнө оперлер күнөөлүү”, “Кыргызстанда жаңы лидер болобу?” деген ж.б. макалаларды тартуулаган.

Президентке дагы бир ачык катты бүгүн ушул эле гезит аркылуу генерал И. Исаков жолдоду. Белгилүү коомдук ишмер Ишенбай Абдуразаковдун интервьюсунун аты: “Президент болгон адам өзүн мурдагыдан акылдуу сезип калат экен” деп аталат. Кабарчынын:”Алдыдагы президенттик шайлоо кандай өтөт деп ойлойсуз?” деген суроосуна И. Абдуразаков: “Шайлоо өтөт. Бирок бул президенттик шайлоо референдум, парламенттик шайлоолор кандай өтсө, ошолордон эч айырмасы жок эле өтөт” деп жооп берген.

“Кыргыз руху” гезити юрист Ахунбай Кошоевдин “Оппозиция кандайсың?” аттуу ой калчоосуна, Жогорку Кеңештин төрагасы Айтибай Тагаевдин:”Партиялык парламент жаңыланууга кызмат кылат” аттуу макаласына орун берди. ЖК төрагасы аталган макаласында президент К. Бакиевдин “Жаңылануу багыты” жөнүндө ойлорун ортого салган.

“Айгай” гезити “Ак жол” партиясынын Ысык-Көл өрөөнү боюнча координатору Мурат Жетимишбаевдин “Биз эч кимди күчкө салган жокпуз” деген интервьюсун жана бийлик куугунуна байланыштуу чет өлкөдө баш калкалап жүргөн ишкер Урмат Барктабасовдун “Мен кайтып барчу жолду табам” деген көлөмдүү катын тартуулады. Калайык калкка багыштаган катын: “Эл кызматына таза, билги адамдар тандалмайын оңолуу жок. Нарк билги, сөз билги, кызылдай Кыргыз жандуулар гана Эл журтуна эгедер боло алат. Аларды көрүп бүт эл түздөлөт, дил тазарат, пейил оңолот. Кыргыз боло баштайт. Барбы ошондойлор эл арасында. Бар...” деп аяктайт Урмат Барктабасов.

“Жаңы ордо” гезити журналист Шекербек Калыковдун:”Жөнөкөйлүктөн бийиктикке” аттуу макаласында президент К. Бакиев тууралуу кеп кылган. “Ал өлкө башына келгени аз убакытта көп иштерди жасоого жетишти. Мурунку президент конокторду тосуучу жай жок экенин шылтоолоп, ШКУ саммитин өткөрүүдөн эки жолу баш тартса президент К. Бакиев 1 жыл аралыгында резиденцияда конокторду тосо турган кооз имарат курдурду. Курманбек Бакиев өзүнүн жөнөкөйлүгү, токтоолугу, сабырдуулугу менен нечендеген бийиктиктерди багындырып келет” деп баяндаган. Ушул эле “Жаңы ордо” “Коррупция коомдун илдети, анын дабасы – эл” деп аталган журналист Нурмамат Сапарбаевдин макаласына да окурман көңүлүн бурган.

“Кыргыз туусу” гезити “Кырг ТВсы: ЭлТР –эл, УТРК – улут кызматында” деген рубрика алдында ЭлТР коомдук телерадиокомпаниясынын башкы деректринин милдетин аткаруучу Нурланбек Шакиев жана УТРК баш деректринин орунбасары Кайыргүл Орозбаеванын интервьюларын жарыялады.

Ал эми профессор Сыртбай Мусаев “Эгемен өлкөнүн Эне тили өгөйлөнбөсө” аттуу макаласы аркылуу Мамлекеттик тилдин өнүгүүсү мамлекеттин ал-күчүнө жараша болорун, андыктан кыргыз улутунун, тилинин саясый да, коомдук да, укуктук-юридикалык да статусуна либералдык мамиле кылууга жарабай тургандыгын, мүмкүн болсо жалпы элдик референдум аркылуу орус тилине официалдуу статус берген сүйлөмдү башмыйзамдан алып салуу керектигин, ошондо гана Кыргыз мамлекетинде Кыргыз улутунун эне тили – мамлекеттик тил болорун айтып чыкты.

“Агым” гезити Аскул Кенжебековдун:”Унутулган идеология” аттуу макаласына окурмандардын оюн бурат. Автор макаласында мамлекет улуттук идеологияга муктаж экенине басым жасайт. Президент өлкөнүн жаңылануу багытын жарыялап жатса Мамкатчы Досбол Нур уулунун “лям” деп ооз ачпай олтурганына таң калат. Ага караганда мурдагы катчы А. Мадумаров кезинде улуттук идеология үчүн бир топ сунуштарды көтөрүп чыкканын мисалга тартат. “Ушундан көрө Досбол Нур уулу өзүн да, президентти да, элди да кыйнабай кетип калса куп жарашмак. Ансыз деле секретариаттын көлөкөсүндө корголоп жүргөнү көрүнүп турат. Орусча билбейт. Илгерки колхоз парторгунун деңгээли да мынчалык эмес болчу” деп сынга алат.

Ушул эле гезит: ”Парламент таратылары туурасында имиш кеп жүрүүдө. Буга сиздин божомолуңуз кандай?” деген суроо менен айрым атуулдарга кайрылды.

Касым Исаев, персоналдык пенсионер: - 23-июлда өтө турган президенттик шайлоого карата мамлекет башчысы саясый оюн кылып, Жогорку Кеңешти таратып жибериши мүмкүн.

Амангелди Муралиев, коомдук ишмер: - Менимче президенттик шайлоодон кийин парламенттин миссиясы аяктайт.

Осмонали Аттокуров, ЖК депутаты: - Жогорку Кеңешти таратууга эч кандай негиз жок, эл өкүлдөрү өзүнө тагылган милдетти туура жана так аткарып жатат.

“Учур” гезитинин башкы редактору Асланбек Сартбаев: - Президенттик шайлоонун алдында кырдаал курчуп кетиши мүмкүн. Ошондон пайдаланып өкмөт же парламент садага чабылып кетиши мүмкүн. Бирок буга азырынча бийликтин духу жетпейт. Эгерде жаңы президент шайланып калса, Жогорку Кеңеш сөзсүз тарайт.

Карбалас Бакиров, акын: - Депутаттар өз ишин жоопкерчиликтүү аткарышууда. Андыктан парламентти таратуунун кереги жок.

Таалай Дүйшөнбек уулу: - Азыркыдай “кой оозунан чөп албаган” депутаттарды табуу кыйын. Андыктан парламент тарабайт. Жогорку Кеңешти таратуу Акүй үчүн ашыкча түйшүк. Анын үстүно бир жылда президенттик да, парламенттик да шайлоо өткөргөнгө мамказынанын чама-чаркы чак келбейт. Мындай пикир оппозициячылардан чыгып атса керек.

XS
SM
MD
LG