Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:43

Баткенде коммунисттер Абсамат Масалиевдин туулган күнүн белгилешти


Бул тууралуу Коммунисттер партиясынын Баткен областтык өкүлчүлүгүн жетекчиси Пайзила Калилов билдирди. Коомдук ишмер, улуу инсан Абсамат Масалиевдин Баткен шаарындагы айкелинин алдындагы эскерүү митингине областтык мамлекеттик администрациянын кызматкерлери, аксакалдар, коммунисттер, жаштар келишти. Масалиевдин айкелинин алдына чогулгандар ал кишинин адамгерчилик бийик сапаттары жөнүндө жалындуу сөздөрүн айтып эскеришти. Эскерүү митингинде бир мезгилде Коммунисттер партиясынын жетекчиси Абсамат Масалиев менен бирге баскандар же болбосо колдогондордун артынан куугунтуктоолор жүрүп, кызматтан кеткен учурлар да болгон деген сөздөр болду. (JsA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG