Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:05

Нарында жармаңкеде 64 жумушсуз адамдын төртөө иш тапты


Бүгүн Нарын шаарындагы «Иш берүү» коомдук бирикмеси тарабынан өткөрүлгөн бош кызмат орундарынын жармаңкесине 64 иш издеген адам кайрылды. Алардын арасынан 4 адам жумушка орноштурулду. Ал эми 15 адамга ишке орношууга, 10 адамга кесип алууга жолдомо берилди. Жармаңкеге жалпысы 129 вакансия коюлса, анын 65 Нарын шаарына, 39 Орусия Федерациясына, 20 Токмок шаарына туура келет. Нарын шаарынан 14, Токмок шаарынан 8, Бишкек шаарынан 5 жумуш берүүчү жармаңкеге катышышкан. Мындай маалыматты «Иш берүү» коомдук бирикмесинин социалдык кызматкери Эсенбек Сыдыбаев билдирди. Нарын облустук миграция жана жумушка орноштуруу комитетинин бөлүм башчысы Төрөбек Аруновдун айтымында 1-апрелге карата Нарын облусунда 11 миң 154 жумушсуз адам каттоодо турушат. (KUs).

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG