Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:10

Балыкчылыктар саясий куугунтукту токтотуу талабы менен өлкө президентине кайрылышты


Балыкчы шаарынын вице-мэри кезинде суу боюнча туура эмес тендер өткөргөн деген айып менен шаардык тергөө абагында 3 айдан бери жаткан шаар депутаты Т. Медеркуловдун шайлоочулары президент К. Бакиевге кайрылуу жолдоду. Анда президенттин акыркы кайрылуусундагы: “Демократиялык реформага таянуу менен коомдогу ынтымак, өз ара келишимди калыптандырып, Кыргызстан калкынын биримдигин чыңдоо” жөнүндөгү пикири келтирилип, бирок из жүзүндө жарандык укуктар тепселип атканы жазылган. Ысыккөлдүктөр элге эмгеги менен таанылган Э. Каптагаевге, Т. Медеркуловго, ошондой эле мурдагы министрлер И. Исаков менен А. Жекшенкуловго козголгон кылмыш ишин токтотуу талабы менен президенттик шайлоо алдында акыйкаттыкты күтүп аткандыктарын билдирген. Демилгелүү топ башы Таалай Эшалиев учурда Каптагаев, Исаков жана бир туугандар Жекшенкулов менен Медеркуловду бошотуу талабы менен 2 миңге жакын кол чогулуп, алардын катары күн санап өсүп атканын маалымдады. (RB)

XS
SM
MD
LG