Ага Африка, Азия, Европа, Латын Америка өлкөлөрүнөн атайын өкүлдөр катышат. Иш-чарага Кыргызстан аялдар Конгресси демилгечилик кылууда. Конгресс төрайымы Замира Акбагышеванын айтымында Дүйнөлүк аялдар бизнес-инкубациясын 2009-жылдан тарта Кыргызстан жетектей турган болду. Анткени Кыргызстан Дүйнөлүк банктын Infodev атайын программасынын алкагында Дүйнөлүк бизнес-инкубация желесинин лидери болуп табылган. Жекшембиде Бишкекте өтчү жыйында каржы кризиси маалында ишкерликтин оош-кыйыштары талкууланат. (EK)