Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:55

Нарын шаарында «Жаш таланттар-2009» кароо сынагы башталды


Нарын шаарындагы балдардын билим берүү борборунда бүгүн башталган жаш таланттардын кароо сынагына Нарын облусунун бардык райондорунан 225 таланттуу окуучу катышып жаткандыгы белгилүү болду. Алар «Манас» эпосунан үзүндү айтуу, улуттук аспаптарда ойноо, элдик дастан айтуу, ырдоо, бийлөө, сүрөт тартуу, улуттук кол өнөрчүлүк багыттарында таланттарын тартуулашмакчы. 1997-жылдан тарта өткөрүлүп келе жаткан «Жаш таланттар» кароо-сынагы Нарын облусунда 2005-жылдан бери «Дордой» ассоциациясы жана «Балтаттуу» коомдук уюмунун демөөрчүлүгү аркылуу жүзөгө ашырылып келүүдө. «Жаш таланттар» кароосунун жеңүүчүлөрүнүн корутунду концерти облустук драма театрда 13-апрелде өткөрүлөт. (KUs).

XS
SM
MD
LG