Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:49

Сузактын Бостон айылында улут аралык чагым салгандарга кылмыш иши козголду


Кечээ бир нече үйлөрдүн капталында уят сөздөр менен коштолгон «Сарттар жоголгула!» деген жазуулар пайда болгон. Мындай чектен чыккан жорукка нааразы болгон өзбек улутундагы адамдар бүгүн айылда жыйын куруп, улут аралык касташууну чыгарып жаткан адамдарды табуу талабын коюшту. Жыйында сүйлөгөн адамдар буга чейин өзбек улутундагылардын токмоктолгон фактыларын келтиришип, бирок аны жасаган зөөкүрлөргө чара көрүлбөгөнүн айтып нааразы болушту. Район прокурору аталган факты боюнча «вандализм» деп кылмыш иши козголгонун бостондуктарга билдирди.(YA)

XS
SM
MD
LG