Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:55

Грузияда бүгүн оппозиция бийликке каршы багытталган акцияларды улантууда


Грузин оппозициясы мурда айтылган жарандык баш ийбөөчүлүк кампаниясынын алкагында бүгүн да Тиблисиде өз тарапкерлерин көчөгө чыгара баштады. Маалыматтарга караганда, алар борбордук көчөлөрдү тосконго жетишишти. Кечээ күнү 10 миңден ашуун адамдар Грузиянын президенти Михаил Саакашвилинин резиденциясынын жана коомдук теле компаниянын алдына чыгып, президенттин кызматтан кетүүсүн талап кылышкан эле. Акция катышуучуларынын айтымында, Саакашвили демократиядан четтеп, каржылык кризис, жумушсуздук менен күрөшүүгө чамасы келбей калды. Өз кезегинде президент оппозиция менен сүйлөшүүгө даяр экенин жарыялаган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG