Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:24

“Россия” телеканалындагы маалыматты “Манас” авиа базасы төгүндөдү


“Манас” авиа базасынын маалымат кызматынын жетекчиси Демиен Пикарттын “Азаттыкка” билдирүүсүнө караганда, базада жашыруун эч нерсе жок. “Манас” болгону өткөөл бекеттин кызматын аткарат. Бул жакка Ооганстанга бараткан жана ал жактан кайткан аскерлер убактынча токтоп өтүшөт. Ошондой эле тиричиликке керектүү гана жүктөр ташылат. Ал эми “Россия” телеканалы тараткан маалымат боюнча Демиен Пикарт базада чалгын жүргүзө турган система жок экенин айтып, телеберүүдөгү бир дагы маалымат чындыкка коошпойт деп кошумчалады.

Белгилеп кетсек, март айында Орусиянын мамлекеттик телеканалында журналист Аркадий Мамонтовдун “Манас” авиа базасы тууралуу берүүлөрү чыккан болчу. Анда негизинен Кыргызстандагы АКШ базасы баңги зат ташуу жана чалгындоо жүргүзүшөт деп айтылган.(SA)

XS
SM
MD
LG