Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:01

Медет Садыркуловдун табышмактуу өлүмүнүн бети ачылабы?


Медет Садыркуловдун сөөгү Боз-Бөлтөктөгү мүрзөгө коюлду. 12-апрель,2009-жыл.
Медет Садыркуловдун сөөгү Боз-Бөлтөктөгү мүрзөгө коюлду. 12-апрель,2009-жыл.

Президенттик администрациянын мурдагы башчысы Медет Садыркуловдун сөөгү жекшембиде Боз-Бөлтөктөгү көрүстөнгө коюлду. Айрым саясатчылардын айтуусунда, бул окуянын себептерин иликтөө аягына чыгуусу күмөн.

Президенттик администрациянын мурдагы башчысы Медет Садыркуловдун сөөгү бейрасмий, мусулманчылык ырым-жырымдарды жасоо менен гана жерге берилди. Айрым маалыматтарга караганда, анын сөөгүн жерге берүү жөрөлгөсүн өкмөттүк деңгээлде өткөрүүгө маркумдун жакын туугандары каршы болушкан. 12-апрель күнү эртең менен Медет Садыркулов жашаган үйдө жаназасы окулуп, маркумдун сөөгү түшкө жуук Бишкектин түштүк-батыш тарабындагы Байтик айлынын жанындагы көрүстөнгө коюлду.

Медет Садыркуловдун тажыясына өкмөт башчы Игорь Чудинов, мамлекеттик катчы Досбол Нур уулу, президенттик администрациянын башчысы Данияр Үсөнов баштаган өкмөт мүчөлөрү, Жогорку кеңештин депутаттары, оппозициялык Бириккен элдик кыймылдын мүчөлөрү жана башка көптөгөн адамдар келишти.
13-марттагы жол кырсыгында күйүп кетти делген автоунаалар

Мурда кабарлангандай 7-апрелде “ДНК-технологии- Манас” жоопкерчилиги чектелген коому 13-мартта Аламүдүн капчыгайындагы кандуу окуяда өрттөнгөндөрдүн сөөктөрүн кандык-генетикалык экспертизадан өткөрүп, күйгөн сөөктөр президенттик администрациянын мурдагы жетекчиси Медет Садыркулов, эл аралык изилдөө институтунун мурдагы директору Сергей Слепченко жана айдоочу Кубат Сулаймановго таандык экендигин аныктаган. Буга чейин Москвада жүргүзүлгөн кандык-генетикалык экспертиза ал окуяда күйүп кеткен сөөктөрдүн бири Медет Садыркуловго таандык деген жыйынтыгын 30-мартта чыгарган.
Автонуулар кагылышып, куйүп кетти делген жер. Аламүдүн капчыгайы, 13-март,2009-жыл.

“Ак шумкар” саясий партиясынын лидери, БЭКтин мүчөсү Темир Сариев бул жыйынтык алгачкысы гана деп эсептейт. Анын пикири боюнча, 13-мартта болгон кандуу окуянын нагыз күнөөлүүлөрү аныкталууга тийиш:

-Эмне себептен өлдү, ким өлтүрдү, кандай мотив болгон, булардын бири да ачыктала элек. Мына бүгүн бир ай болуп атат, тергөөнүн эч кандай жыйынтыгы жок. Бул өлүмдү башынан эле эч кандай жол кырсыгы эмес, саясий буйрук, деп айтып келишкен. Мына бүгүнкү күнгө чейин эч ким тергөөнүн жыйынтыгын билбейт. Биз болсо минтип бүгүн адамдык парзыбызды аткарып, бир убактарда Медет Садыркулов менен эки жээкте жүрсөк дагы, топурак салып, акыркы сапарга узатуу үчүн келип отурабыз.

13-марттагы окуя боюнча кылмыш иши козголуп, аны президент өзү көзөмөлүнө алгандыгын ички иштер министри маалымдаган.

Кыргызстандын Акыйкатчысы Турсунбек Акун бул окуя боюнча тергөө амалдары аягына чыга электе бир жактуу баа берүү мүмкүн эмес, деп эсептейт:

-Тергөө аягына чыгарып, билиши керек. Жол кырсыгыбы же башка окуябы, мунун аягына чекит коет. Элдин арасында түрдүү ушактар жүрүп атат. Бирок тергөө болуп атат да, мен тигиндей-мындай деп айта албайм.

10-апрель күнү болсо президент Курманбек Бакиев баш болгон бардык бийлик өкүлдөрү Медет Садыркуловдун өлгөнүнө байланыштуу расмий аза-баянын жарыялашты. Анда белгилүү мамлекеттик, саясий жана коомдук ишмер Медет Садыркулов күтүлбөгөн кырсыктан көз жумду деп белгиленип, кыргыз коомчулугу чоң жоготууга учураганы айтылган.

Бүгүн Медет Садыркуловдун сөөгүнө топурак салуу үчүн келген оппозиционер Болот Шерниязов бийликтин мындай мазмундагы аза-баянынан соң, бул окуяга иликтөө-тергөө жүргүзүп кереги жок, деген пикирин “Азаттыкка” төмөнкүчө билдирди:

-Кыргызстандын атка минерлери кол коюп, Медет Садыркуловду жол кырсыгынан кайтыш болду, деп көңүл айтышты. Эми мындан кийин Садыркуловдун, анын жанындагылардын өлүмү эмнеден кайтыш болду деп иликтөө жүргүзүүнүн кереги жок. Анткени буга кыргыз бийлиги өзү жооп берип койду. Бирок менин жекече оюм: бул атайын буйрутма, саясий өлтүрүү.

БЭКтин дагы бир мүчөсү, “Бирдиктүү Кыргызстан” коомдук-саясий кыймылынын жетекчиси Амангелди Муралиев Медет Садыркулов азыркы бийликтин бутуна турушуна да чоң көмөгүн көрсөткөн, деп белгиледи:

- Анын тажрыйбасы, президенттик администрациянын ишин уюштуруу ыкмасы Курманбек Бакиевдин мамлекетти башкаруудагы биринчи үч жылдагы ийгиликтерине түздөн-түз тиешеси бар. Анткени президенттик администрация мамлекетти, коомду өнүктүрүүгө коомдук-саясий таасири чоң. Мына ушул жерде ал өзүн көрсөтүп, айрым оор кырдаалдардан чыгууга президентке көмөктөшкөн.

Медет Садыркулов мурдагы жана азыркы бийликтин тушунда эки ирет президенттик администрацияны жетектеп, мындан тышкары дагы бир катар мамлекеттик кызматтарда иштеген. Жаңы жылдын 8-январында өз каалоосу менен президенттик администрация башчысы кызматын өткөрүп бергенден кийин, мамлекет башчы сунуштаган тышкы иштер министри кызматынан баш тарткан.


Айрым саясатчылар Медет Садыркулов менен президенттин жолу бир жарым жыл мурда эле айрыла баштаганын айтышат. Алардын белгилөөсү боюнча, 2008-жылдын келишин майрамдоодо ошол туштагы президенттик администрация башчысынын үйүнө кишинин кесилген кулагы менен сөөмөйү жаңы жылдык белек катары берилиши буга чоң далил боло алат.




Тасма: Маркум Медет Садыркулов 12-апрелде түбөлүк жайга берилди
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG