Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:42

Иран өзүн өзөктүк кубат өндүргөн өлкө деп эсептейт


Иран парламентинин төрагасы Али Ларижани дүйнөнүн ири державалары Иранды өзөктүк кубат өндүргөн өлкө катары кабыл алышы керек, деп билдирди. Ларижанинин бул билдирүүсү Бириккен Улуттар уюмунун Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү - Британия, Кытай, Франция, Орусия, АКШ жана Германия Иранга анын өзөктүк программасы тууралуу түз сүйлөшүүлөрдү сунуш кылгандан көп өтпөй жасалды. Дүйнөнүн ири өлкөлөрүнүн лидерлери Иранды уранды байытуу иштерин токтотууга үндөп келет. Эл аралык коомчулук Тегеран уранды өзөктүк курал өндүрүү үчүн байытууда деп эсептейт. Расмий Тегеран мындай доолор менен макул эмес.

XS
SM
MD
LG