Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:35

Болот Шерниязов: Бийлик Медет Садыркуловдун өлүмү тууралуу бир жактуу бүтүм чыгарды


Эми мындан кийин бул ишти иликтеп-тергөөнүн зарылчылыгы жок. Мындай пикирин оппозиционер Болот Шерниязов “Азаттыкка” билдирди. Анын айтуусунда президент баш болгон бардык бийлик өкүлдөрү Медет Садыркулов жана анын жанындагылар 13-март күнү жол кырсыгынан каза болду, деп көңүл айтып, бир жактуу бүтүм чыгарып койду. Ал эми экс-депутаттын жеке пикири боюнча бул атайын буйрутма, саясий өлүм.
13-мартта Аламүдүн капчыгайында болгон окуяга бүгүн толук бир ай толуп отурат. Андагы автокырсык делип аткан окуяда “Лексус-470” автоунаасында өрттөнүп кеткен үч кишинин сөөгү президенттик администрациянын мурдагы башчысы Медет Садыркуловго, эл аралык изилдөө институтунун мурдагы жетекчиси Сергей Слепченкого жана айдоочу Кубат Сулаймановго таандык экендигин кандык-генетикалык экспертиза аныктады. ИИМ жана Башкы прокуратура кандуу окуя боюнча козголгон кылмыш ишинин негизинде иликтөө-тергөө иштери жүрүп жаткандыгын билдирүүдө. Министр М. Конгантиев бул ишти президент өзү көзөмөлүнө алгандыгын маалымдаган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG