Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:40

Ош базарында соода-сатык жайынан ажырагандар бийликке кайрылышты


71 соодагердин колу коюлган кат президент Курманбек Бакиевге, Бишкек шаар мэриясына, шаардык кеңешке, Ленин райондук акимчиликке, Ош базарынын жетекчилигине жана маалымат каражаттарына жолдонгон. Катта соодагерлер үй-бүлө багууга каражат жалгыз булагы болуп берип жаткан соода-сатыкка Ош базарынын жетекчилиги мүмкүнчүлүк бербей, орундарын тартып алып жаткандыгы, ижара баасынын кымбаттыгы тууралуу жазылып, тиешелүү тараптарды чара көрүүгө чакырган.
Бишкек шаары боюнча базарларды иретке келтирүү чаралары көрүлүп жаткандыгын белгилеген мэриянын кызматкери даттануучулардын арызы мэрдин кароосуна берилгендигин “Азаттыкка” маалымдады. (BuS)

XS
SM
MD
LG