Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:42

Майлуу-Сууда окуучуну урган мугалим иштен бошоду


Билим министрлигинен билдиргендей, Майлуу-Суу шаарындагы №5 мектептин окуучуга кол көтөргөн тарых мугалими Жазгүл Исмаилова күнөөсүн мойнуна алып өз эрки менен арыз жазып, иштен кетти. Бул мектептин деректири да кызматынан бошотулду. Билим министринин орун басары, бул чатак боюнча түзүлгөн комиссиянын жетекчиси Үмүткан Тыналиеванын айтымында, мугалимге байланыштуу Жалал-Абат прокуратурасы козгогон кылмыш иши кийинки жумада сотко берилет. Майлуу-Суудагы №5 мектептин мугалими окуучуну ур-токмокко алып жаткан видео коомго тарап, Билим министрлиги окуяны жеринен териштирүү үчүн комиссия түзгөн болчу. (EBM)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG