Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:47

Түрк сыналгы каналы «Эргенекон» ишине байланыштуу тергөөгө алынды


Түркиянын полициясы бүгүн секулярдык күчтөрдү колдогон «Б» каналы аттуу сыналгы каналында тинтүү жүргүздү. Бул иш-чара исламчылардын өкмөтүнө каршы кутум уюштурду деген доого кабылгандардын үстүнөн ачылган «Эргенекон» сот жараянынын алкагында жүргүзүлдү. Бул иш боюнча кармалган, же тергөөгө алынган 200дөй кишилердин арасында белгилүү саясатчылар, ишкерлер жана окумуштуулар бар. Маселен, тергөөгө алынып жаткандардын бири – Башкент университетинин ректору жана «Б» каналынын кожоюну профессор Мехмет Хаберал мырза. Доого кабылгандар өздөрүнө карата коюлган «кутумга камылга жасаган» деген айыптарды четке кагууда. Түркиялык секулярчылар «Адилеттик жана Өнүгүү” партиясынын бийликтеги өкмөтү өлкөгө Ататүрк негиздеген бийликти динден ажыраткан коомдун ордуна исламчыл коом курганы жатат деп санааркап келет.

XS
SM
MD
LG