Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:06

Ооганстанда аба соккусунан жайкын тургундар мерт болгон-болбогону такталууда


Ооганстандын чыгышындагы Кунар вилаятынын Вата-Пур аттуу алыскы айылынын жергиликтүү тургундары коалициялык күчтөрдүн алтүндөгү аба соккусунан улам беш адам набыт болгонун айтышкан. Жергиликтүү бийлик бул маалыматтын чын-төгүнүн териштирүүдө. Маалыматтарга караганда, набыт болгондор арасында жаш балдар да бар. Айта кетсек, чет элдик куралдуу күчтөрдүн талиптерге каршы анти-террордук иш-чаралары маалында тынч жашаган калктын да жабыркап келишинен улам ооган бийлиги Батыштагы өнөктөштөрү менен кайым айтышкан учурлар да болду.

XS
SM
MD
LG