Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:12

Тбилисиде бүгүн да миңдеген адамдар нааразычылык акциясына чыгышты


Ушуну менен Грузия оппозициясы бешинчи күндүк нааразычылык иш-чарасына миңдеген адамдарды көчөгө чыгарып, президент Михаил Саакашвилинин кетишин талап кылышууда. Маалыматтарга караганда, Грузия парламентинин алдына 20 миңден ашуун адамдар чогулду. Өткөн бейшемби күнү башталган нааразычылык акциясына Тбилисиде 60 миңдей адам көчөлөргө чыккан эле. Бүгүн оппозиция лидерлери күн сайын митингдер уюштурула турганын, максаттары ишке ашмайын акыр аягына чейин турушарын жарыялашты. Саакашвилинин каршылаштары аны, барган сайын авторитардык режимди күчөтүп жатат жана былтыркы Орусия менен согушта олуттуу ката кетирди деп айыпташууда.

XS
SM
MD
LG