Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:24

Казакстандын коргоо министринин орун басары камакка алынды


Казакстандын Улуттук коопсуздук комитетинин басма сөз өкүлүнүн айтымында, өлкөнүн коргоо министринин орун басары, генерал лейтенант Кажымурат Мээрманов (Mayermanov) кызмат абалын кыянаттык менен пайдаланды деген доо боюнча камакка алынды. Расмий айыптоого караганда, Мээрманов 2006-жылы Израил менен түзүлгөн курал-жарак келишимин түзүүдө мыйзамга ылайык келбеген иш-аракетке барган. 190 миллион доллардык келишимге ылайык, израилдик компаниялар Казакстанга заманбап артиллериялык жабдыктарды өндүрүп чыгарууга жардам бермек, бирок иш жүзүндө жабдыктар сапатсыз курулуп, анын айынан Казакстан 82 миллион доллардай чыгымга учураган, делет расмий доодо.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG