Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:32

Бангкокто башаламандыктан кийин өкмөттүк аскерлер шаарга көзөмөлдү өз колуна алды


Бул тууралуу Тайланддын өкмөт башчысы Абхист Ветчачива Би-Би-Си үналгысына маалымдады. Жүз миңден ашуун киши катышкан демонстрациялар эки апта уланды. Оппозицияны колдогондор 2006-жылы аскерий төңкөрүштө бийликтен алынган Таксин Чинаватаны кайра өкмөт башчылыгына дайындоо талабын коюшту. Оппозициянын демонстрациясын таркатуу операциясына армия дүйшөмбү күнү эртең менен киришти. Жоокерлер, полициянын күчтөрү манифесттанттарга жаш агызма газ колдонуп, аларды борбор шаардын башкы көчөсүнөн сүрүп чыгара баштады. Эки тараптан болжол менен 70тен ашуун киши жарадар болду.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG