Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:19

БУУнун Коопсуздук кеңеши Түндүк Кореянын баллистикалык ракета сынагын бир добуштан сынга алды


Коопсуздук кеңешинин 15 мүчөсү колдогон билдирүүсүндө расмий Пхеньянга мындан кийин ушул өңдүү сынактарды өткөрбөө талабы коюлган. Билдирүүдө эгерде Түндүк Корея Кеңештин талабына мойун сунбаса, эл аралык чектөөлөр киргизилери айтылат. АКШнын БУУдагы элчиси Сюзан Райс Түндүк Кореянын ракеталык сынагы Коопсуздук кеңешинин резолюциясына каршы келерин айтты:

-АКШ 5-апрелдеги ракеталык сынакты Коопсуздук кеңешинин бир добуштан сынга алганына ыраазы. Бул сынак - Коопсуздук кеңешинин 1718-Резолюциясын одоно бузуу жана ушул өңдүү болочоктогу сынактар Кеңештин жоболоруна каршы келет, -деди Сюзан Райс.

АКШ жана Жапония Түндүк Кореянын 5-апрелдеги ракеталык сынагы үчүн катаал чара колдонууну талап кылган, бирок Кытай жана Орусия эл аралык коомчулукту сабырдуулукка үндөп келет.

XS
SM
MD
LG