Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:03

Кол салууга кабылган журналисттер ооруканадан чыгышты


Бул тууралуу “Азаттыкка” №4 оорукананын травматология бөлүмүнүн башкы дарыгери Рамис Үсөнбеков маалымдады. Анын айтуусунда “Репортер-Бишкек” басылмасынын баяндамачысы Сыргак Абдылдаевдин реабилитациялык убактысы –бир жылдан ашуун. Анын эки колуна тең операция жасалып, атайын темир пластиналар коюлган. Бул аппараттар бир жылдан кийин кайрадан операция жасалган соң алынат. Бул убакыт ичинде журналист врачтардын көзөмөлүндө болот. Ал эми белгисиз бирөөлөр токмоктоп кетишкен журналист, “МК” гезитинин Кыргызстандагы редактору Улугбек Бабакулов мээси чайкалып ооруканага түшкөн. Ал ооруканадан 13-апрель күнү чыгарылды, эми бир ай дарыгерлердин көзөмөлүндө болот.
Мурда кабарлангандай “Репортер-Бишкек” басылмасынын саясий баяндамачысы Сыргак Абдылдаевди 3-март күнү белгисиз бирөөлөр денесинин 21 жерине бычак уруп, эки колу тең чыканагынан өйдө сындырып салышкан. Журналист өзү бул окуяны кесиптик ишмердүүлүгүнө байланыштырууда. Буга байланыштуу ИИМ кылмыш ишин козгогон. “МК” гезитинин кабарчылары Улугбек Бабакулов менен Елена Агееваны 26-март күнү белгисиз бирөөлөр тоноп, мындан тышкары сабап кетишкен. Кечээ ИИМ бул окуяга тиешеси бар деген шек менен 25 жаштагы Сыртбек Төлөнов кармалганын билдирди.(ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG