Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:52

А. Бекназаров: И. Кадырбековдун акталышы Акүйдүн чечимине байланыштуу


Мындай пикирин Ишенбай Кадырбековдун адвокаты, БЭКтин мүчөсү Азимбек Бекназаров “Азаттыкка” билдирди. Анын айтуусунда алты ай бою болгон сотто Кадырбековго коюлган күнөө боюнча бир дагы далил табылган жок. Ал эми анын абактан үй камагына чыгарылышын Кадырбековдун акталышына байланыштырууга болбойт, дейт Азимбек Бекназаров. Кадырбековго байланыштуу сот жараяны кайрадан уланат.
Курулуш жана архитектура боюнча мамлекеттик агенттиктин мурдагы башчысы Ишенбай Кадырбековго тогуз эпизод менен кылмыш иши козголуп, өткөн жылы 25-апрелде камакка алынган. Кечээ Ленин райондук соту анын башкоргоо чарасын өзгөртүп, үй камагына алуу тууралуу чечим чыгарды.(ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG