Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:43

ШКУ баш прокурорлору экстремизмге каршы күрөштү талкуулашты


Кечээ ШКУга мүчө мамлекеттердин баш прокурорлорунун кезектеги Москва жыйыны өттү. Анда Кыргызстандын сунушу боюнча диний жана экстремисттик уюмдардын ишмердүүлүгүн алдын алуу талкууланып, кызматташтыкты кеңейтүү боюнча протоколго кол коюлду. Ушундай эле протоколдорго отурумда каралган жарандардын укуктарын коргоо, экономикалык мыйзам бузууларга, уюшкан кылмыштуулукка, адам сатууга, баңги соодасына каршы туруу, аймактык туруктуулукту сактоо өңдүү башка маселелердин негизинде кол коюлду. Москва отурумуна Кыргызстандын баш прокурору Элмурза Сатыбалдиев катышты. Баш прокурор отурумдун алкагында Орусиянын, Өзбекстандын, Тажикстандын, Казакстандын, Кытайдын баш прокурорлору менен эки тараптуу жолугушту. Бул тууралуу Баш прокуратуранын басма сөз кызматы маалымдады. (BuS)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG