Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:03

"Сары-Өзөн чолпондору" аттуу фестиваль өтүүдө


Бул туурасында Чүй облустук администрациянын басма сөз катчысы Айнура Темирбекова "Азаттыкка" билдирди. Облус башчысынын демилгеси менен үч жылдан бери өткөрүлүп келе жаткан “Сары- Өзөн чолпондору” сынак-февтивалы учурда район ичинде өтүүдө. 4 жаштан 18 жашка чейинки таланттуулардын башын кошкон иш чара 1-июнь күнү жыйынтыгын чыгарат. Сынак-фестивалда жаш таланттар өз эне тилиндеги ырларды, бийлерди аткарып, улуттук аспаптарда ойношууда. Улуттар арасындагы мамилелерди бекемдөө максатындагы бул иш чарага облустук бийлик 200 миң сом бөлгөн. Андан сырткары аймактагы мекемелер, улуттук жамааттар да өздөрүнчө демөөрчүлүк кылышат. (JJ)


Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG