Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:46

Депутат Санжар Кадыралиевди атып кетишти


Алдын ала маалыматтар боюнча Жогорку Кеңештин “Ак Жол” фракциясынын депутаты C. Кадыралиевди мерт кылган окуя Бөкөнбаев менен Правда көчөлөрүнүн кесилишиндеги үйүнүн жанында кечке жуук болгон. "Азаттыктын" кабарчысынын маалыматына караганда депутаттын сөөгү окуя болгон жерден алынып кетти. Бул жерге "Ак жол" партиясынын парламенттеги фракция башчысы Улугбек Ормонов баштаган депутаттар барышты. Ички иштер министрлигинин маалымат кызматынын башчысы Бакыт Сейитов бул чуулгандуу окуянын чоо-жайы иликтенип жатканын "Азаттыкка" кабарлады. Санжарбек Кадыралиев 33 жашта, Жогорку Кеңештин эки жолку депутаты, азыркы парламентке “Ак жол” партиясынын тизмеси аркылуу келген. Кадыралиев Панкратион федерациясынын инструктору, вице-президенти болгон. (EBM, BuS)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG