Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:09

Грузиянын тышкы иштер министри АКШнын мамлекеттик катчысы менен жолугушту


Грузиянын тышкы иштер министри Григол Вашадзе менен АКШ мамкатчысы Хиллари Клинтондун жолугушуусу Вашингтондо болду. Анда АКШ менен Грузия ортосундагы кызматташтык тууралуу сөз болду. Жолугушуу маалында Клинтон айым алты күндөн бери Грузияда өтүп жаткан оппозициянын митинги тууралуу сөз козгогон жок. Буга чейин кабарлангандай, Тбилисиде президент Михаил Саакашвилинин кызматтан кетүүсүн талап кылган мөөнөтсүз митинг уланууда. Демонстранттардын көпчүлүгү өткөн түндү Саакашвилинин кеңсесинин алдында тигилген чатырларда өткөрүштү. Оппозиция Саакашвилини өткөн жылы Орусия менен болгон согуш үчүн айыптап, ал кызматтан кетмейин митинг улана берерин ырастоодо. Нааразылык иш-чарасынын алгачкы күнү митингге 60 миңден ашуун киши катышкан. Кийинки күндөрү демонстранттардын саны кыйла азайганы байкалууда. Саакашвили бул митингдин артында Орусия турганын айтты, оппозиция мындай айыптоолорду четке кагууда.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG