Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:22

АКШ расмий Пхеньяндын Түндүк Кореянын өзөктүк программасы боюнча сүйлөшүүлөрдөн чыгуу чечимин сынга алды


Бириккен Улуттар уюмунун Коопсуздук кеңешинин Түндүк Кореянын 5-апрелдеги ракета сынагын айыптаган билдирүүсүнө нааразылык ирээтинде Пхеньян алты тараптуу сүйлөшүүлөрдөн баш тартып, өзөктүк изилдөөлөрүн улантарын билдирди. АКШнын мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон Түндүк Кореянын чечимин “жаңылыш багыттагы кадам” катары сыпаттады:

- Биз муну Коопсуздук кеңешинин тынчсыздануусунан улам жасалган мыйзамдуу билдирүүгө карата “жаңылыш жооп” катары түшүнөбүз. Бирок биз бул маселени ынтымакташтар жана өнөктөштөрүбүз менен гана эмес, Түндүк Кореянын бийлиги менен дагы талкуулоо мүмкүнчүлүгү болоруна үмүт артабыз, -деди Хиллари Клинтон.

Маалым болгондой, буга чейин расмий Пхеньян БУУнун Өзөктүк кубат боюнча эл аралык агенттиктин текшерүүчүлөрүнө чукул арада Түндүк Кореядан чыгып кетүүнү буйруган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG