Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:28

Өкмөт жаңы конуштардагы жолдорду оңдоо үчүн каражат бөлөт


Жыл сайын кыргыз өкмөтү Бишкекти айланта курчаган жаңы конуштарды жакшыртуу үчүн миллиондогон сом каражаттарды бөлүп келет. Быйылкы жылы жаңы конуштардын инфраструктурасын өнүктүрүү үчүн 350 млн. сом бөлүнмөкчү. Мындан тышкары жаңы конуштардагы автомбиль жүрүүчү жолдорду оңдоого “Арис” өнүктүрүү агенттиги аркылуу Дүйнөлүк банк тарабынан 157 млн. сомдон ашуун каражат берилүүсү күтүлүүдө. Ошондой эле Бишкек шаар бийлиги “Ак Ордо”, Ак Өргөө”, “Калыс Ордо”, “Кара Жыгач”, “Касым”, “Тынчтык” жана “Дордой” жаңы конуштарындагы 22,75 чакырым жолду оңдоо маселесин карап жатат. Бул тууралуу кыргыз өкмөтүнүн маалымат кызматынан кабарлашты.(ZKo)

XS
SM
MD
LG