Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:51

Кыргызстан Арал деңизин сактап калуу боюнча эл аралык фонддун саммитине катышат


Саммитке аталган фондго мүчө өлкөлөрдүн мамлекет башчылары катышмакчы. Апрель айынын аягында Алматы шаарында өтөрү күтүлүп жаткан жыйынга Кыргызстандын президенти Курманбек Бакиев барат. Бул тууралуу “Азаттыкка” президенттик басма сөз кызматынын жетекчиси Алмаз Турдумаматов кабарлады. Ошондой эле өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министри Илияс Давыдовдун да барышы күтүлүүдө. Саммитте Борбор Азиядагы суу маселеси, кургап калган Арал деңизинин аймактын экологиясына тийгизип жаткан кесепети тууралуу сөз болот.(ZKo)

XS
SM
MD
LG