Бул тууралуу “Азаттыкка” “Ак жол” партиясынын коомдук-саясий кеңешинин мүчөсү Табылды Орозалиев кабарлады. Анын айтуусунда бүгүн фракция күн тартибиндеги башкы маселе кылып, кесиптешинин өлүмүнө байланыштуу окуяны карашы ыктымал. “Ак жол” фракциясынын мүчөсү Санжар Кадыралиев 2005-жылдан бери атылып өлтүрүлгөн төртүнчү депутат болуп калды. Буга чейин парламенттин мурунку курамындагы депутаттар Жыргалбек Сурабалдиев, Баяман Эркинбаев, Тынычбек Акматбаев киши колдуу болуп көз жумушкан. (ZKo)