Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:05

К. Дүйшөбаев: Мамлекеттик бийлик органдарынын иш формасы –криминалдык формага окшош


“Депутаттардын өлүмү 2005-жылы болгон окуяларга байланыштуу. Анткен март окуясынын тушунда кылмыш дүйнөсүнүн ролу чоң болгон, ал азыркы бийликтин келишине зор салым кошкон. Ал эми бийлик өз учурунда кылмыш дүйнөсү менен тыгыз байланышта болуп, аларга колкабыш кылып келгени белгилүү". Мындай пикирин “Акыйкат үчүн” саясий партиясынын төрагасы Кеңешбек Дүйшеев “Азаттыкка” таңкы маектешүү учурунда билдирди. Акыркы үч жылда төрт-беш депутаттын өлтүрүлүп, бирөөнүн дайынсыз жоголушунда мына ушул байланыштын тиешеси бар, деп билдирди ИИМдин экс-министри. Анын сөзү боюнча мындай окуялардын күчөшүнө жалаң ИИМди күнөөлөөгө болбойт, анткени укук коргоо тармагында УКМК, Прокуратура, сот органдарынын да кемчилиги бар. Бирок күч структурасынын кызматкерлери баңзат менен шугулданып, кылмыш дүйнөсүнө аралашып кеткени да өлкөдө криминалдык окуялардын күчөп кетишине негизги себеп болуп жатат, дейт Кеңешбек Дүйшөбаев.(ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG