Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:25

С.Кадыралиевди аткан адамдын фотороботу жарыяланды


Ички иштер министрлиги Санжар Кадыралиевди 14-апрелде аткан кылмышкердин фотороботун жарыялады. Ал 30-35 жаштагы азиат түспөлдүү, денеси чымыр, бою175-180 келген адам катары мүнөздөлгөн. ИИМдин маалыматына караганда, Санжар Кадыралиевди 14-апрелде саат 16:50 Бишкектеги Чуйков көчөсүндөгү №25 үйдүн короосунда атып кеткен. Аткандан кийин кылмышкер чыгыш тарапка Гоголь көчөсүн карай качып, андан кийин Лев Толстой көчөсүнө чыккан. Ал жерде аны күтүп турган ак түстөгү «Ниссан-Сефиро» жеңил автоунаасына отуруп жылып кеткен. Милициянын дароо жүргүзгөн издөөсү натыйжа берген эмес. Факты боюнча Бишкек милициясы кылмыш ишин козгоду. Өлтүрүүнүн негизги версияларынын бири катары Санжар Кадыралиевдин депутат катары саясий ишмердүүлүгү, ошондой эле криминалдык версия жана коммерциялык ишмердүүлүк каралууда. Кылмыш кодексинин 294 беренеси боюнча козголгон кылмыш ишти УКМК тергейт. Бирок ал боюнча акыркы чечимди Башкы прокуратура кабыл алат. Азыркы мезгилде козголгон кылмыш иши Бишкек шаардык прокуратурасына берилди.(AiT)

XS
SM
MD
LG