Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:57

Жогорку Кеңеш комитети С.Кадыралиевдин атылышын талкуулады


Коргонуу, коопсуздук, тартип жана соттук-укуктук реформа комитети Жогорку Кеңештин Координациялык кеңеши менен биргеликте жыйын куруп, анда Санжар Кадыралиевдин атылышына байланыштуу маселени карады. Социал-демократиялык фракциянын лидерлеринин бири Иса Өмүркуловдун маалымдоосуна караганада, жыйынга күч структураларынын жетекчилиги катышты. Кадыралиевдин атып өлтүрүлүш себебин иликтөөдө анын депутат катары саясий ишмердүүлүгү, криминалдык жана коммерциялык жагдайлар негизги версия болоору аныкталды. Прокуратура кызматы тергөө иштерин жүргүзүү үчүн Санжар Кадыралиевдин иш бөлмөсүн ачып, жеке буюмдарын кароого уруксат сурашты. Ага макулдук берилип, ал иштерге депутаттардан Рашид Тагаев жана Алишер Сабиров катыша турган болду. Тергөө ишинин жүрүшүн көзөмөлдөө Коргонуу, коопсуздук, тартип жана соттук-укуктук реформа комитетине жүктөлдү.
Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Кубанычбек Исабековдун билдирүүсүнө караганда, депутаттар Санжар Кадыралиевдин атылуусун жума күнү сессияда карашат.(AiT)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG