Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:23

Депутатык комиссия М.Садыркуловдун өлүмүн иликтөө боюнча эч маалымат ала албай жатат


Депутат Галина Куликованын билдирүүсүндө, комиссия Башкы прокуратурадан жана тергөө органдарынан эки жумадан бери тергөөнүн жүрүшү тууралуу эч маалымат ала албай жатат. “Мен ДНКнын анализдеринин жыйынтыгын, бажы кызматкерлерине, “Лексусту” сүзгөн машинанын айдоочусуна” жүргүзүлгөн сурактын көчүрмөсүн сурадым. Бизге эч нерсе бербей жатышат”,-дейт Галина Куликова. Анын билдирүүсүндө, комиссиянын төрагасы Рашид Тагаев эми керектүү маалыматтарды Башкы прокуратурадан, тергөө органдарынан жазуу жүзүндө суратканы жатат. (AzK)

XS
SM
MD
LG