Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:45

Болгария Ысык-Көлгө кайра иштетүү заводдорун курат


Болгариянын Родник шаарындагы “Терогрупп” ири корпорациясы Каркол шаарына – сүттү, Балыкчыга мөмө-жемишти кайра иштетүүчү заводдордy курганы жатат. Ысык-Көл облусунун губернатору К.Исаевдин айтуусунда, 37 млн. сомго бүткөрүлгөн Сары-Камыш суу сактагычынын жанына 450гектар жерге шабдалы , алма жана башка мөмө бактары тигилип, 50гектары питомник болот. Болгариялыктар аны тамчылатуу жолу менен сугарып, көчөттөрдү жергиликтүүлөргө акысыз берет.“Терогрупп” корпорациясынын президенти Динька Пенов менен облус губернатору К.Исаевдин кызматташуу долбоору боюнча, Түп районуна 1млн. баш тоок бага турган фабрика салынмай болду.(RB)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG