Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:40

ЕККУ коммерциялык эмес уюмдар жөнүндөгү мыйзамга өзгөртүү киргизилишине кабатыр


ЕККУнун Бишкектеги өкүлчүлүгү коммерциялык эмес уюмдар жөнүндөгү мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу депутаттардын демилгесине тынчсыздануусун 15-апрелде жарыялады. Анда мыйзам өзгөрбөгөн калыпта эл аралык стандартка жакын экени белгиленип, эгерде депутаттар сунуштагандай өзгөртүлсө, анда мыйзам эл аралык стандартка такыр туура келбей калаары айтылган. ЕККУ билдирүүсүндө мыйзамды өзгөртүүдө өкмөттүк эмес уюмдарга мамлекеттик жардам көрсөтүү жагын оң баалаган.(AiT)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG