Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердимухаммедов Ашхабадда АКШнын мамлекеттик катчысынын Борбор Азия боюнча орун басары Ричард Баучер менен жолугушту. Анда Ричард Баучер АКШ Түркмөнстанга реформаларды жүзөгө ашыруу үчүн каржылык жардам берүүгө даяр экендигин айткан. Кечээ өткөн жолугушууда Бердимухаммедов жана Баучер отун-кубат жана газ маселелерин талкуулашты. Бул тууралуу түркмөн президентинин маалымат кызматынан кабарлашты.