Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:08

Түндүк Корея бийлиги америкалык адистерди өлкөдөн чыгарууда


Түндүк Корея Йонбонгдогу өзөктүк реакторду иштен чыгаруу жараянын көзөмөлдөгөн америкалык адистерди өлкөдөн чыгарууда. Бул тууралуу АКШнын Мамлекеттик департаментинин басма сөз өкүлү Роберт Вуд билдирди. Буга чейин Түндүк Кореянын бийлиги Өзөктүк кубат боюнча эл аралык агенттиктин (МАГАТЭ) текшерүүчүлөрүнө да өлкөдөн чыгып кетүүнү буйруган. 14-апрелде Бириккен Улуттар уюмунун Коопсуздук кеңешинин Түндүк Кореянын ракета сынагын айыптаган билдирүүсүнө нааразылык ирээтинде Пхеньян алты тараптуу сүйлөшүүлөрдөн баш тартып, өзөктүк изилдөөлөрүн улантарын билдирген.

XS
SM
MD
LG