Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:54

Журналисттер этикалык кодекске өзгөртүү киргизүүнү талкуулашат


Кыргызстан журналисттеринин этикалык кодексине өзгөртүү киргизүүгө байланышкан жыйын Бишкектеги “Достук” мейманканасында болот. Ага өлкөнүн бардык аймагынан журналисттер жана медиа институттарынын өкүлдөрү катышат. Жыйында КР журналисттеринин буга чейин иштелип чыккан этикалык кодексине эл аралык журналистиканын стандарттарына шайкеш келген толуктоолорду киргизүү жана аны учур талаптарына ылайыктап өзгөртүү тууралуу маселе каралат. Жыйынга ошондой эле президенттин катчылыгынан, маданият жана маалымат министрлигинен өкүлдөр чакырылган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG